«Бир Дүйнө Кыргызстан» «Сова» изилдөө борбору менен өнөктөштүктө жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 19-беренесине адистешкен адвокаттар жана укук коргоочулар үчүн өткөргөн

Сен 17.2025

12–13-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында «Бир Дүйнө – Кыргызстан» «Сова» маалыматтык-аналитикалык борбору менен биргеликте  Кыргызстандагы экстремизмге каршы мыйзамдардын жана жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын 19-беренесинин колдонулушу алкагында ой-пикирлерди билдирүү эркиндигин коргоого арналган окутуу семинарын өткөрдү.

Семинарга адвокаттар, укук коргоочулар, эл аралык эксперттер, Акыйкатчы институтунун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Эксперттер жана иш-чаранын катышуучулары улуттук ыкмаларды адам укуктары боюнча эл аралык стандарттар менен шайкеш келтирүү зарылдыгын талкуулашты. Ошондой эле, экстремизмге каршы күрөшүүдө “мамлекет тарабынан ратификацияланган эл аралык документтерде, Конституцияда жана мыйзамдарда бекитилген негизги жана өзгөрүлгүс адам укуктары унутта калбашы керектигин” баса белгилешти.

Азыркы учурда КР Улуттук Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлуу коркунучунда турганы, антсе дагы, анын макамын сактап калуу үчүн адвокация жана лоббирлөө мүмкүнчүлүктөрү бар экени белгиленди, бирок, өзгөчө сезимтал аталган тармакта иштеген адвокаттар кооптуу абалга туш болуп жатышканы айтылды,  адвокаттардын айрымдары камакка алынган учурлар катталган, аларга жабырлануучуларга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген, мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу экстремисттик материалдардын маалымат базасындагы маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрү жок.

Семинардын катышуучулары тарабынан жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 19-беренесин илгерилетүү жана коргоо үчүн СУНУШТАМАЛАР иштелип чыкты:

1.⁠ ⁠КР мыйзамдарында “экстремизм” түшүнүгү так формулировкаланган эмес. Ошол эле учурда эл аралык документтерде (мисалы, ЕККУнун документтеринде...) негизинен “зордук-зомбулук экстремизми” түшүнүгү гана колдонулат. Ошондуктан, КР “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамындагы аныктаманы тактап, аны ЕККУнун ыкмалары менен шайкеш келтирүү зарыл.

2.⁠ ⁠Учурда КРда кылмыш ишин кароодо тараптардын тең укуктуулугу жана атаандаштыгы принциптерин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон көз карандысыз лингвистикалык жана комплекстүү экспертиза институту жок.

3.⁠ ⁠КРда кыргыз тилинде жана башка жергиликтүү тилдерде лингвистикалык жана комплекстүү көз карандысыз экспертизанын колдонулуп жаткан стандарттары боюнча түшүнүк жана концепция жетишсиз.

2025-жылдын 8-августундагы КР “Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинде (өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-июлунда күчүнө кирет): “…соттук-эксперттик ишмердүүлүк мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар, ошондой эле, мамлекеттик эмес эксперттер тарабынан жүзөгө ашырылат” деп көрсөтүлгөн.

Сот системасынын, прокуратуранын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине мамлекеттик эмес көз карандысыз соттук, филологиялык, политологиялык жана психологиялык-лингвистикалык, диний таануучулук, тарыхый жана башка экспертизалардын түрлөрүн учурдагы эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен    маанилүүлүгүн түшүндүрүүчү окуу программаларын иштеп чыгуу зарыл.

4. Семинардын катышуучулары эксперттик топтун демилгеси менен Акыйкатчы институту менен биргеликте жана эл аралык уюмдардын колдоосу аркылуу илимий негизделген экспертиза методологиясын иштеп чыгууну дагы сунушташты.

5. Лингвистикалык жана комплекстүү көз карандысыз экспертиза борборун түзүү үчүн эксперттик топту уюштуруу керек.

6. Коомдун көз карандысыз экспертизанын, соттук процесстеринин атаандаштыгынын маанилүүлүгүн түшүнүүсү үчүн журналисттерге жана медиа кызматкерлерге атайын тренингдерди өткөрүү аркылуу адвокация стратегиясын иштеп чыгуу керек.

7. Эксперттерге, адистерге жана адвокаттарга үзгүлтүксүз тренингдерди өткөрүү максатында мыкты эл аралык практикаларды жана жергиликтүү тажрыйбаны колдонуу менен окуу ыкмаларын жана программаларды иштеп чыгуу зарыл.

8. Кыргыз Республикасынын “Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө” мыйзамына, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамдарына жана Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого талдоо жүргүзүү.

Альтернативдик эксперттик корутундулардын бүгүнкү абалын талдоо жүргүзүү. 

9. Илимий билимдерди алмашуу алкагында мыкты практикалардын тажрыйбаларын эске алуу менен экспертизаны жүргүзүү боюнча илимий негизделген ведомстволук методикаларды үчүн жарыялоо.

10. Көз карандысыз экспертизалар борборун илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрү үчүн талкуу аянтын түзүү.

11. Соттук экспертиза, биринчи кезекте, лингвистикалык экспертиза боюнча адистер жана эксперттер үчүн окуу тренингдерин жана атайын семинарларды (жарандык билим берүү компоненти) өткөрүү.

12. Соттордо  далилдик базаны бекемдөөадам укуктарын коргоо жана соттук процесстин атаандаштыгын камсыздоо максатында көз карандысыз эксперттерди жана адистерди тартуу практикасын колдоо зарыл. КР сот процесстеринде альтернативдүү экспертизаларды жана көз карандысыз адистердин корутундуларын эске алуу адатын калыптандыруу маанилүү.

13. Бул демилгелерди ишке ашыруу үчүн “Бир Дүйнө” жана “Сова” борбору аркылуу фандрейзинг жолу менен ресурстарды табуу.

14. Бул тема боюнча эксперттерге, адистерге жана адвокаттарга арналган кыргыз жана орус тилдеринде үзгүлтүксүз толуктап туруучу терминдердин атайын глоссарийин түзүү. Аталган глоссарийди башка жергиликтүү тилдерге которуу.

15. КР КЖК тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам демилгелери үчүн сунуштарды иштеп чыгуу.

 Экстремизмге каршы «Сова» ИБ жана «Бир Дүйнө Кыргызстан» уюштурган окуу семинарынын катышуучулары жана эксперттер

Бишкек шаары, 2025-жыл, 12-13-сентябрь

 

Бардык суроолор боюнча «Бир Дүйнө Кыргызстан» уюмунун Аткаруучу директору Мурат Карыповго Email: m.karypov@gmail.com электрондук дареги, +996555422222 телефону аркылуу кайрылыңыздар.

 

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg