Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Жумабеков Дастанбек мырзага

Май 19.2020


 

19-май, 2020-жыл

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы

Жумабеков Дастанбек мырзага

Көчүрмөсү: КРнын ЖКнин бардык депутаттарына

 

Урматтуу Дастанбек Артисбекович!

 

"Бир Дүйнө-Кыргызстан" укуктук кыймылы шериктештик тармагынын өнөктөштөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети тарабынан демилгеленген "КРнын айрым мыйзам актыларына ("КРнын "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун чакыртып алууга чакырат.

Долбоордун жоболорунун Конституцияга жана адам укуктарынын эл аралык стандарттарына шайкеш келүү предметине жүргүзүлгөн укуктук анализге ылайык, долбоордун түзүмдүк элементтери эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана нормаларына, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциялык кепилдиктерине жана мыйзамдык базасына карама-каршы келет[1].

Мыйзам долбоорунун 2020-жылдын 22-майында, COVID-19 пандемиясы маалында каралышы БУУ тарабынан кабыл алынган Бириккен Улуттар Уюмунун ишмердүүлүк борборуна адам укуктарын алдыңкы орунга коюуга чакырган пандемия маалында, ошондой эле, каатчылык мезгилинде "Адам укуктары жаатында аракеттерге чакырыктын" бузулушуна алып келет. Жогорку Кеңеш тарабынан демилгеленген парламенттик угуулардын мерчемделиши COVID-19  пандемиясынын маалында кабыл алынган  КР Өкмөтүнүн токтомдорунун[2] жана Өзгөчө кырдаалдар жана карантин мезгилиндеги Республикалык Штабдын чечимдеринин бузулушуна, ошондой эле, (COVID-19) короновирус инфекциясынын таралышына жол бербөө боюнча санитардык талаптардын бузулушуна кириптер кылат.

Кайра жылдыруу мүмкүн эместигине байланыштуу, 2020-жылдын 22-майында парламенттик угуулардын өткөрүлүшү жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгү конституциялык укугун жана сунуш кылынган мыйзам долбоорун талкуулоо процессине жарандардын катышуу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө, аймактардагы жарандык коом уюмдарынын активисттерин басмырлоого багытталат, бийликтин бардык деңгээлдеринде чечимдерди кабыл алуу процессине жарандардын бирдей катышуусу үчүн мейкиндикти кыскартат.

COVID-19 пандемиясы учурунда БУУ мамлекетти башка укуктар менен катар ой-пикирди билдирүү жана басма сөз эркиндиги укугун, маалымат эркиндигин, ассоциацияларга жана чогулууларга эркиндикти урматтоого жана коргоого чакырат, буга КРнын Президенти С. Ш. Жээнбековдун жана  Республикалык Штабдын чакырыктары күбө.

Башкы катчы: «Адам укуктары системасы бизге көйгөйлөрдү чечүүгө, XXI кылымдын муктаждыктарын канааттандырууга жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга, адамдар менен лидерлердин ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүүгө жана баарыбыз көз каранды болгон глобалдык туруктуулукка, шериктештикке, плюрализмге жана  инклюзивдүүлүккө жетишүүгө жардам берет. Ал бизге адамдардын жашоосуна реалдуу таасир кылуучу конкреттүү аракеттерге үмүттөрүбүздү ишке ашыруу ыкмаларын көрсөтөт. Аны кандай жагдай болбосун, бийликти жүзөгө ашыруу же саясий максаттарга жетишүү үчүн пайдаланууга болбойт - ал тигинден дагы, мындан дагы жогору турат" деп баса белгиледи.[3]

Бул каатчылык мезгилде коммерциялык эмес уюмдар мобилдүүлүгүн, шериктештигин, айкындуулугун, адам укуктарын коргоо принциптерин жолдой тургандыгын көрсөттү, мамлекет менен биргеликте калктын эң аярлуу, корголбогон катмарына, Кыргызстандын социалдык жана жабык жайларына айтарлык жардам көрсөтүштү, жергиликтүү бийлик органдарына пандемия каатчылыгынан татыктуу чыгуу үчүн көмөк көрсөтүүсүн учурда дагы улантууда.  Биз баарыбыз өлкөдөгү пандемиянын терең каатчылыгын жана чакырыктарын чечүү үчүн бирге болушубуз зарыл, мында өзөктүү ролду жарандык коомду уюштуруу ойнойт.

"Бир Дүйнө Кыргызстан" УК, шериктештик тармагынын өнөктөштөрү КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын КРда ассоциациялар эркиндигине каршы багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун чакыртып алууну өтүнөт, анткени, ал эл аралык стандарттарга жана КРнын Конституциясына  карама-каршы келип, бюрократиянын, көзөмөлдөөнүн коррупциялык механизмдерин, жасалма барьерлерди түзүүгө багытталган. Биз КРдагы адам укугунун жана эркиндигинин жалпы адамзаттык баалуулуктарын жактайбыз,  биз чечимдерди кабыл алуучу адамдар менен өнөктөштүккө жана кызматташтыкка, бардык деңгээлдердеги бийлик менен коомдук маанилүү маселелерди чечүү үчүн ачыкпыз.  

Биз жыл сайын көз карандысыз аудиттин корунтундуларын ак ниет башкаруу принциптерин жана финансылык башкаруунун жогорку стандарттарын илгерилетүүнү камтуу менен, социалдык тармактарда жарыялоо менен өз ара иштешип келген фокус топторунун, коомдун алдында отчёт беребиз жана көзөмөлдөбүз.

Аталган мыйзам долбооруна биздин пикир ишенимди кайтарат жана биргеликте Кыргызстандагы парламентаризмди өнүктүрөбүз деген ишеничтебиз.

 

Бардык суроолор боюнча  «Бир Дүйнө Кыргызстан» укуктук кыймылына:

birduinokyrgyzstan@gmail.com электрондук дареги, 665721, 0550184095 телефон номурлары аркылуу кайрылсаңыздар.

 

[1](http://adilet.kg/ru/news/full/394).

[2] (https://www.gov.kg/ru/npa/s/2450)  

[3]https://www.un.org/sites/un2.un.org/files/human_rights_and_covid19_russian.pdf

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 720001, Чүй пр. 207/29А, тел/факс: (+996 312) 66 57 21, e-mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com

Кыргызская Республика, 720001, г. Бишкек, пр. Чуй 207/29А, тел/факс: (+996 312) 66 57 21, e-mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com

207/29А Chui Avenue, Bishkek, Kyrgyz Republic, 720001, tel/fax: (+996 312) 66 57 21, e-mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com 

www.birduino.kg

 

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg