ПРЕСС-РЕЛИЗ HRMIнин жаңы маалыматтары Кыргызстанда адам укуктарынын кеңири бузулуп жатканын көрсөттүү
Эл аралык көз карандысыз Human Rights Measurement Initiative (HRMI) уюму бүгүн жарыялаган жаңы маалыматтар Кыргызстанда адам укуктарын камсыздоо жаатында олуттуу көйгөйлөр сакталып жатканын жана мамлекет өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин толук аткаруу үчүн кошумча чараларды көрүшү зарыл экенин көрсөтөт.
Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, Кыргызстан «Укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» (Empowerment Rights) көрсөткүчү боюнча мүмкүн болгон 10 баллдын ичинен 3,8 баллга ээ болгон. Бул өлкөдө жарандык жана саясий укуктарды ишке ашырууда олуттуу чектөөлөр бар экенин билдирет. Аларга сөз эркиндиги, тынч жыйындарды өткөрүү жана биригүү эркиндиги, демократиялык укуктар жана дин тутуу эркиндиги кирет.
Өзгөчө тынч жыйындарга жана ассоциацияларга биригүү укугу боюнча абал тынчсызданууну жаратат. Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан 10 баллдын ичинен болгону 3,3 балл алган жана HRMIнин баалоосу боюнча «өтө начар» категориясына кирген.
Жарыяланган маалыматтар өлкөдөгү көптөгөн жарандардын коомдук турмушка катышуу, өз оюн эркин билдирүү, кызыкчылыктарын коргоо үчүн биригүү жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуу мүмкүнчүлүктөрү чектелип жатканын көрсөтөт.
HRMI дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалын эл аралык стандарттардын жана көз карандысыз эксперттердин баалоолорунун негизинде үзгүлтүксүз талдап, мамлекеттердин адам укуктары боюнча милдеттенмелерин аткаруу деңгээлине көз карандысыз баа берип келет.
pdf файлын көрүү





