Кыргызстандын жергиликтүү жамааттарынын добушу Женевадагы кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча БУУ Глобалдык платформасында угулду

2-июндан 6-июнга чейин Женевада Кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча БУУ башкармалыгы тарабынан (UNDRR) эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө уюштурулган Кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча Глобалдык платформа (GP2025) жалпы жарандык сектор үчүн маанилүү багыт берүүчү иш-чара болду. Эң жаркын окуялардын бири - Кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча Глобалдык тарамдардын (GNDR) Sasakawa Award абройлуу сыйлыгы тапшырылды. Бул климаттык кыйроолорго жана стихиялуу кырсыктарга каршы күрөшүүдө алдыда бараткан жарандык коомдун жамааттык добушунун күрдөөлдүү күчүнүн символу катары таанылды.
GNDR тобокелдиктерди төмөндөтүүнүн туруктуу жана инклюзивдик стратегияларын курууга, ошондой эле, калктын эң аярлуу топторунун - аялдардын, жаштардын, майыптар бар адамдардын жана аныкталбаган шарттарда жана тобокел шарттарда жашаган айыл тургундарынын добуштарын көшөкөрлүк менен жеткирүүдөгү кошкон салымы үчүн сыйлыкка татыды. Мындан тышкары, бул жетишкендикти Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана «Бир Дүйнө Кыргызстан» сыяктуу жергиликтүү уюмдардын эл аралык күн тартибиндеги климаттык туруктуулук жана туруктуу өнүктүрүүгө кошкон салымдарынын таанылышы катары баалоого болот.
GP2025 платформасы дүйнөнүн 140 өлкөсүнөн 3 000ден ашуун катышуучулардын: өкмөттөрдүн, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын, илимий жана изилдөө институттарынын өкүлдөрүнүн, журналисттердин жана жаштар кыймылдарынын баштарын бириктирди. Форум: «Ар бир күн маанилүү: туруктуулук үчүн бүгүн аракет кылабыз» чакырыгынын астында өттү жана дал ушул чакырык менен Кыргызстандын өкүлдөрү алыскы жамааттарда топтолгон билимдер глобалдык стратегияларды кандай түзө тургандыгын көрсөтүштү.
«Бир Дүйнө Кыргызстан» командасы эл аралык платформада Кыргызстанда 2025-жылдын 21-майынан 23-майына чейин өткөн эрте алдын алуу системасын локализациялоо боюнча улуттук семинардын жыйынтыктарын алып чыкты. Семинар GNDR тарабынан иштелип чыккан Views from the Frontline (VFL) эл аралык изилдөө методологиясынын колдонуу менен өткөрүлгөн.
Женевадагы жолугушуунун жүрүшүндө изилдөөнүн негизги жыйынтыктары, анын ичинде - маалыматтын чектелген шарттарында жамааттардын деңгээлинде тобокелдиктерди комплекстүү анализдөөнүн негизги жыйынтыктары, ошондой эле, климаттык туруктуулук жана экологиялык коопсуздукту жогорулатуу максатында сектор аралык жана трансчекаралык өнүктүрүү зарылдыгы чагылдырылды.
Активисттер, аялдар, жаштар жана майыптуулугу бар адамдар локалдык, ошону менен катар улуттук жана глобалдык деңгээлдерде чечимдерди кабыл алуу процесстеринде туш келген олуттуу тоскоолдуктарга өзгөчө көңүл бурулду. Бул чакырыктардын негизинде Борбордук Азияда GNDR өнөктөштүк тарамын кеңейтүү жана кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча эл аралык стратегияларды локализациялоо процессине жаңы катышуучуларды тартуу боюнча чаралар камтылган практикалык сунуштамалар иштелип чыкты. Ошондой эле, реакция кылуу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатууга жана модернизациялоого багытталган эрте алдын алуу системасын локализациялоо боюнча жол картасы көрсөтүлдү. Артыкчылыктардын катарына – спутник мониторингин, жасалма интеллект технологияларын интеграциялоо, жарандарга маалыматтардын өз убагында берилишин камсыз кылган улуттук платформаларды өнүктүрүү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу үчүн окутуу программаларын жаңылоо кирет.
GP2025 программасында өзгөчө орунду 5-июнда өткөн GNDR уникалдуу сессиясы ээледи. Бул өлкө аралык жолугушуунун алкагында жети өлкөнүн — Кыргызстандын, Гананын, Колумбиянын, Бангладештин, Перунун, Нигериянын жана Доминикан Республикасынын өкүлдөрү эрте алдын алуу системаларын локализациялоо боюнча улуттук семинарлардын алкактарында жүзөгө ашырылган өбөлгөлөр, тыянактар жана тажрыйбалар менен бөлүшүштү. Аталган сессия таптакыр ар башка климаттык жана социалдык-экономикалык шарттарда иштешкен, бирок, бир максатка - жаратылыш кырсыктарынын кесепеттеринен аярлуу жамааттардын жашоосун жана бейкуттугун сактоо максатына бириктирилген уюмдардын ортосунда түздөн-түз билим алмашуу үчүн толук мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Кыргызстан жергиликтүү жамааттарды эрте чара көрүү механизмдерин иштеп чыгууга тартуу моделин сунуштаган бирден бир өлкө катары катышуучулардын чоң кызыгуусун жана позитивдүү пикирлерди жаратты.
Ошондой эле, «Бир Дүйнө Кыргызстан» платформасынын алкагында UN Major Groups консультацияларына активдүү катышып, Ignite Stage аянтчасында чыгып сүйлөдү, андан тышкары, тобокелдиктерди башкарууда санариптик трансформациялоо, гендердик өбөлгөлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын инклюзиясы маселелерине арналган интерактивдүү талкууларга катышты.
Женевада Caritas Switzerland, Кызыл крест жана Кызыл жарым ай эл аралык коомдорунун федерациясы (IFRC), Швейцария өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC), Европа жарандык коргоо жана гуманитардык жардам боюнча Европалык комиссия (ECHO), жана Asian Disaster Preparedness Center (ADPC) сыяктуу эл аралык уюмдардын катышуусу менен жаңы өнөктөштүктөр түзүлүп, чыңдалды.
Ошондой эле, тобокелдик жана кырсыктарга дуушар болгон аймактарда биргелешкен программаларды ишке ашырууга кызыкдар болгон академиялык институттар жана санарип демилгелердин өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү.
Кыргызстандын катышуусу Глобалдык платформанын негизги жыйынтыктары (Co-Chairs’ Summary) менен тыгыз байланышта өзгөчө мааниге ээ болду. Анда кырсыктарга туруктуулук бардык кызыкдар тараптардын, айрыкча аярлуу топтордун кеңири, калыс жана тең укуктуу катышуусу болмоюн мүмкүн эместиги баса белгиленди.
Платформанын корутунду документинде тобокелдиктерди инклюзивдүү башкарууну бекемдөөнүн, эрте эскертүү системаларына универсалдуу жеткиликтүүлүктүн, адилеттүүлүккө жана тең укуктуулукка негизделген лидерлик моделдерди трансформациялоонун жана климаттык коркунучтар күчөгөн шарттарда Sendai Framework стратегиясын ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.
Ошентип, «Бир Дүйнө Кыргызстан» уюмунун Глобалдык платформадагы катышуусу тобокелдиктерди азайтуу боюнча эл аралык ыкмаларды аныктоодо жергиликтүү тажрыйбанын, билимдин жана жигердүүлүктүн ойной аларын даана көрсөткөн көрүнүктүү мисал болду. Бул Кыргызстандагы тобокелдик аймактарында жашаган жергиликтүү жамааттардан түздөн-түз чогултулган маалыматтар алгач ирет ушундай жогорку деңгээлде сунушталган өзгөчө окуя болду. Бул тажрыйба жарандардын жана жамааттардын системалуу катышуусуз туруктуу, адилеттүү жана коопсуз келечек куруу мүмкүн эместигин ырастайт.