ЕККУ регионундагы аялдар жана гендердик маселелер боюнча Жарандык тилектештик платформасынын (CSP) жумушчу тобунун Россиянын Украинага басып кирүүсүнүн жылдыгына карата билдирүүсү
ЕККУ регионундагы аялдар жана гендердик маселелер боюнча Жарандык тилектештик платформасынын (CSP) жумушчу тобу Россиянын Украинага басып кирүүсүнүн жылдыгына карата
Россиянын Украинага толук масштабдуу басып кирүүсүнүн бул жылдыгында ЕККУ регионунда аялдар жана гендердик реалийлер маселелери боюнча Жумушчу тобу аялдарга жигердүү тилектештигин билдирет. Биз алардын күчүн, алардын лидерлигин, күнүмдүк жашоо шарттарын жакшыртуудагы жамааттык аракеттерин жана көп учурда байкалбаган сабырдуулук менен коштолгон кайраттуулук көрүнүштөрүн урматтайбыз. Алардын туруктуулугу - кыйынчылыктарга болгон жөн гана реакция эмес, бул – ар-намыстын, үмүттүн жана терең аныкталбаган олку-солку мезгилдерде да коомду сактап калууда аялдардын орду алмашкыс экендигинин айкын көрүнүшү. CSP тармагы жана башка уюштуруучулук форматтар адамдык байланыштарды сактоо үчүн өтө маанилүү. Дал ушул нерсе биздин тынчтыкты орнотуудагы феминисттик ишмердүүлүгүбүздүн негизин түзөт.
Согуш илгери болуп өткөн окуя эмес, күнүмдүк чындык: жакындардан ажыроо, кыйраган үйлөр, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы жана сөздүн кеңири маанисинде, күн сайын коопсуздукту издөө болгон миллиондогон украиндерге биз тилектештигибизди билдиребиз. Жалпы Украина боюнча жамааттар олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болушту, бирок анын эли укмуштай күч менен каармандыгын көрсөтүшүүдө. Жергиликтүү деңгээлдеги тилектештик сезими дем-күч берет. Узакка созулган сыноолорго карабастан көптөгөн аялдардын ар-намысты, иденттүүлүгүн жана үмүттү сактап калуудагы чечкиндүүлүктөрү адамдын духу түгөнгүс дараметке ээ экендигин эске салып турат.
Биз ошондой эле сөз эркиндиги үчүн куугунтукка кабылышкан жана согушка каршы билдирүүлөрү үчүн абакка кесилүү коркунучунда турган Россиядагы аялдарга тилектешпиз. ЕККУ регионундагы адам өмүрүн коргогон, сөз эркиндигин жана демократиялык эркиндиктерди жактаган, асыресе, укуктар олуттуу бузулган, жарандык мейкиндик радикалдуу чектелген диктатордук, репрессивдик жана патриархалдык режимдердин шарттарында иш алып барышкан бардык аялдарга тилектештигибизди билдиребиз. Биз маалыматка жетүүдөгү чектөөлөргө, пропагандага жана жалган жаңылыктарга, ошондой эле алардын жер-жерлердеги тынчтыкты орнотуу иштеринин дискредитацияланышына туш болуп жатышкан аялдарды колдойбуз. Алар ажырымга бөлүү саясатына каршы туруп, ырааттуу түрдө жамааттык аракеттерге умтулуп келишет.
Бул согуштун масштабынын артында оор жеке тагдырлар турат: ата-энелер өз балдарын, өздөрүнүн уулдарын мажбурланган мобилизациялоодон коргоого умтулушууда; үй-бүлөлөр үйүнөн алыс жерлерде жашоону кайрадан курууга мажбур болушууда; улуу муун жашоосу күтпөгөн жерден өзгөрүп кеткенине кайгырууда. Согушту башынан өткөргөндөр үчүн ал эч качан абстракттуу эмес, анын кесепеттери терең адамзаттык мүнөзгө ээ жана көп учурда дене-бой зомбулугуна жана психологиялык жабыркоого түздөн-түз байланыштуу. Мындай шарттарда аялдар жамааттарды бириктирген: үй-бүлөлөрүнө кам көргөн, жер которгон адамдарды колдогон, эң зарыл учурларда лидерликти колго алган жана жакын коңшуларына ыкчам жардам көрсөтүшкөн туруктуу күч болуп келишкен жана болуп кала беришет.
Бизди бардык өз ара сүйлөшүү процесстерине адамдык өлчөмдү киргизүүгө умтулуубуз бириктирет. Ошол эле убакта эркек саясатчылардын көпчүлүгү негизинен геостратегия, чек аралар жана аймактар, ресурстар жана бийлик жөнүндө сүйлөшсө, аялдар коркпой жашоо жана (тынчтык) процесстерине канткенде үзүрлүү катыша алыша тургандыгы жөнүндө сүйлөшөт. Калыбына келтирүүгө арналган (эл аралык) каражаттар ири долбоорлорго артыкчылыктуу багытталса, ошол эле убакта социалдык-экономикалык жана репродуктивдик кам көрүү жаатындагы чакан масштабдагы жана децентралдаштырылган долбоорлор негизинен аялдар тарабынан камсыздалып, көп учурда олуттуу мааниге ээ деп эсептелбейт.
Биз ЕККУнун муундардын бейпилдигине коркунуч туудурган жана узак мөөнөттүү жабыркоону жараткан жек көрүү менен кастык риторикасынын андан ары күчөшүн алдын алуунун жалгыз ыкмасы катары негиздөөчү принцибинин жана «жалпы коопсуздук» түшүнүгүнүн баалуулугуна ишенебиз. ЕККУ туруктуу тынчтык, демократия жана адилеттүүлүк үчүн негиз түзүү менен социалдык байланыштарды калыбына келтирүүгө көмөкчү болууга жана диалог үчүн мейкиндикти кеңейтүүгө үч өлчөмдүн ар биринде жана алардын кесилишинде натыйжалуу коргоо, ачык-айкындуулук жана отчеттуулук механизмдерин камсыз кылууга тийиш жана муну ишке ашыра алат. Биз, жумушчу топ катары, гендердик реалийлер жөнүндө практикалык тажрыйбабызга жана атайын билимдерибизге таянуу менен кызматташтыкка умтулабыз жана буга даярбыз.
Бул согуш дүйнөнүн башка жактарында уланып жаткан чыр-чатактар менен катар баарыбыздан эң маанилүү нерсени: зомбулукка көнбөөнү, убакыт өткөн сайын жапакечтиктин өчүп калышына жол бербөөнү жана адамдын башына түшкөн кайгыны сөзсүз болчу көрүнүш катары кабыл албоону талап кылат. Тынчтык качан болбосун динамикалуу жана морт нерсе. Дал ошондуктан биз сергек болууга, тынчтык процессин коргоого жана аны жактоого милдеттүүбүз. Натыйжада баардыгыбыздын тапкан олжобуз ушул.
Ал тургай согуш шарттарында да адам баласы өз ара тилектештиги, камкордугу жана кайдыгер карабагандыгы аркылуу боорукерлик жөндомүн жоготпошу керек. Тынчтыкты орнотуудагы алгачкы жайбаракат кадамдар мына ушундан башталат.
www.civicsolidarity.org/work-group/women-and-gender-realities-in-the-osce-region/contact жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан кол коюлган,
координатору Хайди Майнзольт – meinzolt@wilpf.de экинчи координатору Толекан Исмаилова, ОО “Бир Дуйно Кыргызстан” - birduinotia@gmail.com





