Адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин «Бир Дуйно – Кыргызстан» 20-эл аралык фестивалына (2026) катышуу үчүн катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу жөнүндө жарыя
Фестивалга катышуу үчүн темасына шайкеш келген, 2024-жылдан эрте эмес аяктаган документалдык фильмдер кабыл алынат.
Артыкчылыктуу багыттар:
- адамдык кадыр-баркты коргоо;
- аялуу топтордун укуктарын коргоо (балдар, аялдар, майыптыгы бар адамдар, мигранттар ж.б.);
- климаттын өзгөрүшүнүн адам укуктарына тийгизген таасири;
- сот адилеттигине, билим берүүгө, саламаттык сактоого жана социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүк;
- инклюзивдүү тажрыйбалар жана коомчулуктун катышуусу;
- дискриминация, теңсиздик жана социалдык адилеттүүлүк маселелери.
Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү:
2026-жылдын 2-апрелинен 30-июнуна чейин
Арыз берүү үчүн шилтеме: https://forms.gle/VcfDamFATsQ6xN5m8
«Бир Дуйно – Кыргызстан» адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин эл аралык фестивалынын Уюштуруу комитети






