“One World” “Jeden svet” даректүү тасмалардын 26-эл аралык фестивалы – адам укуктары жаатында шыктандыруучу кинематографиялык саякат

Апр 03.2024

“Бир дүйнө” жыл сайын мамлекеттик секторлордун, Чехия Республикасынын Президентинин, Чехия Республикасынын тышкы иштер министринин, Маданият министринин, Прага шаарынын мэринин, Парламенттин депутаттар Палатасынын жана төрагасынын, Чехия Республикасынын алдыңкы университеттеринин ректорлорунун[1], ошондой эле, жеке секторлордогу өнөктөштөрдүн марттык менен колдоо көрсөтүүлөрүнүн натыйжасында көрүүчүлөргө жана эл аралык өнөктөштөргө жаңы шыктануулар менен окуяларды тартуулоодо. Аталган колдоо – фестивалдын өзөктүү идеясына гана ишеним арттырбастан, кеңири маанисинде сергек жарандык коомго дагы ишеним арттырган мааниге ээ жышаан.                  

“Бир Дүйнө Кыргызстан” адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалынын командасы, директору Толекан Исмаилова, фестивалдын координатору Накинай Айдакеева 2024-жылдын 20-мартынан 29-мартына чейин Прагада өткөн “One World” “Jeden svet” адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалына катышышты.      

 “Бир Дүйнө Кыргызстан” уюштуруу комитети Прагадагы “Jeden svet” боордош уюмуна фестивалга катышууга, өнөктөштүккө жана Кыргызстанда өтүүчү эл аралык фестивалда жайылтууну мерчемдеп жаткан фестивалдын инновациялык ыкмаларын колдонууга мүмкүнчүлүк бергенине ыраазычылык билдирет. Андагы негизги иш-чара - “Бир Дүйнө Кыргызстан” өкүлдөрү жана “Азаттык” радиосунун журналисттери эксперттик коштоого алышкан Борбордук Азиядан жападан жалгыз режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Ала качуу” даректүү тасмасынын көрсөтүлүшү болду.Жазгуль Ибраимова – медиа эксперт улуттук стереотиптерди жана кыргыз коомчулугунда нормага айланган жана башка жүрүм-турумдук өңүттөрдүн тамырын кыркуу максатында тасманын аталышын “Ала качуу эмес, адам уурдоо же аялдарга карата кылмыш” деп өзгөртүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. “Ала качуу” термининин аялдар менен эркектердин ыктыярдуу баш кошушуна карата, ошол эле учурда зомбулук менен уурдоо катары дагы бирдей колдонулушу чаташууга алып келет. Мындан улам жарандар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери аялдарга карата кылмыштардын чыныгы учурларына ашыкча токтоолук менен мамиле кылышат.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Самаков адам уурдоо жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкуу үчүн жарыяланган. [2]. Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 172-беренесинин аракеттеги редакциясында никелешүүгө мажбурлоо максатында аялды же жашы жете элек кызды уурдоо үчүн жоопкерчиликти аныктоодо "адамды ала качуу" (никелешүү максатында уурдоо) термини колдонулган. Депутат аны "адамды уурдоо" термини менен алмаштырууну сунуштап жатат.

Депутат ар кандай формулировкалар коомдун аялды же кызды ала качуу сыяктуу маселени адекваттуу кабылдоосуна тоскоолдук жарата тургандыгына токтолду. Ал: "Ала качуу" түшүнүгү көпчүлүк жарандар үчүн нейтралдуу мааниге ээ. Себеби зомбулук көрсөтүп уурдоо менен катар Кыргызстанда ала качуу (никелешүү максатында уурдоо) кеңири таралган", - деп белгилейт. [3].

Аталган иш сапардын максаты – “Искусство жана маданият аркылуу” форматында жаңы тажрыйбалар менен алмашуу жана өздөштүрүү, “Фест-2024” үчүн адам укуктары жаатындагы даректүү тасмаларды көрүү жана тандоо, инновациялык инструменттерди жана ыкмаларды камтуу менен кызматташтык менен өнөктөштүк тармагын кеңейтүү болду.

Ар кыл өлкөлөрдөн келишкен алдыңкы режиссерлор, документалисттер жана эксперттер менен жолугушуулар учурунда “Бир Дүйнө Фест-2024” командасы КРда фестивалга катышууга табыштамаларды кабыл алуу башталгандыгы жана өтүүчү убакыттары жөнүндө маалымдап, 2007-жылдан бери даректүү тасмалардын фестивалын өткөрүүдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүштү, ошону менен бирге “One World” боордоштук уюму жана Документалдык кино институту тарабынан уюштурулган тегерек үстөлдөргө катышышты.

Быйылкы жылы чыгыш европалык кинематографисттердин жана чечимдерди кабыл алуучу жактардын - дүйнө жүзү боюнча продюсерлердин, таратуучулардын, дистрибьюторлордун жана фестивалды уюштуруучулардын башын бириктирген Борбордук жана Чыгыш Европада даректүү тасмаларды биргелешип өндүрүү, каржылоо жана жайылтуу үчүн ири платформа “East Doc Platform” (EDP) Документалдык кино институту[4] “One world” фестивалынын өнөктөшү жана инновациялык ачылышы катары чыкты. Документалдык кино институту уюштурган бир катар иш-чараларга “Бир Дүйнө” командасы активдүү катышты жана келечекте аталган форумдун тажрыйбасын колдонууну мерчемдөөдө:

  • East Doc Forum – иштеп чыгуу/баштапкы өндүрүштөгү стадияда турган долбоорлорду биргеликте өндүрүү жана каржылоо мүмкүнчүлүгү. Буга көркөм даректүү тасмалар менен катар ар кыл сюжеттердеги сериалдар дагы кирет. 
  • East Doc Market  -  иштеп чыгуу / өндүрүш / постпродакшен стадиясындагы долбоорлорду презентациялоо үчүн кинематографисттер жана чечимдерди кабыл алуучу жактардын ортосунда жолугушууларды уюштурууну сунуштайт.
  • East silver – даяр тасмалардын жана бүтө элек (каралай) монтаждардын уникалдуу кинорыногу.

 “Бир Дүйнө Кыргызстан” эл аралык фестивалы “Еден свет” адам укуктары жаатындагы даректүү тасмалардын чехиялык фестивалы  – Европадагы фестивалдардын бирден бир “боордош уюму” болуп саналат.  Борбордук Азияда биздин фестиваль адам укуктары жаатындагы даректүү тасмалардын жападан жалгыз фестивалы болуп саналат. Ал өкмөттүн өкүлдөрүнүн, эл аралык жана жарандык коомчулуктун, эксперттердин жана режиссерлордун, маданият жана искусство ишмерлеринин, ЖМКнын, укук коргоочулардын жана жөн гана кино сүйүүчүлөрдүн катышуусунда эл аралык деңгээлде өткөрүлөт.

“Биздин максатыбыз – маданият жана искусство аркылуу, даректүү кино аркылуу адам укуктарын жана эркиндиктерин илгерилетүү. Чыныгы турмуштук окуялардын мисалында көрүүчүлөр дүйнө жүзүндө орун алган социалдык-экономикалык жана саясий маселелерди терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышат”.

2024-жылы Фестиваль Кыргызстанда “Адилет дүйнө үчүн, Эркиндик жана жарандардын тең укуктары үчүн” темасына арналып, “OneWorld” Прага, “East Doc CA platform”, “Karama Human Rights Film Festival” Jordan, Anhar Network, “Human Screen Festival” Tunissa ж.б. боордош уюмдар менен биргеликте 2024-жылдын 22-октябрынан 26-октябрына чейин өткөрүлмөкчү.

“Бир Дүйнө-Кыргызстан” коомдук бирикмеси бардык кызыкдар болгон документалисттерге, өнөктөштөргө, режиссерлорго жана ыктыярчыларга 2024-жылда өтүүчү фестивалга активдүү катышууга чакырат.

Фестивалга катышууга табыштамалар 2024-жылдын 3-апрелинен 30-майына чейин кабыл алынат. Табыштама берүү үчүн www.birduino.kg сайтында жайгаштырылган “Фестиваль-2024” бөлүмүндөгү табыштаманын формасын толтуруу зарыл.

 

Суроолор пайда болсоbirduino.festival@gmail.com электрондук дареги

же: +996 500626221 телефону аркылуу Накинай Айдакеевага кайрылып, байланышыңыздар.



[1] https://www.oneworld.cz/special-thanks

[2] https://kenesh.kg/bills/public/2103

[3] https://kg.akipress.org/news:2083866/?from=akikg

[4] https://dokweb.net/activities/east-doc-platform/2024/about

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg