«Бир Дүйнө - Кыргызстан» УКнын пресс-релизи 2021-жылдын 25-июлу — укук коргоочу Азимжан Аскаровду эскерүү күнү
Июл 23.20212021-жылдын 25-июлу — өз ишинин көз карандысыз жана бейтарап сот тарабынан адилеттүү каралышын күтүү менен №47 колонияда каза тапкан укук коргоочу Азимжан Аскаровду эскерүүнүн бир жылдыгы. Ал 69 жашта болчу.
Укук коргоо коомчулугу өлкө бийлигин анын ишине карата БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин Түшүндүрмөлөрүн милдеттүү түрдө аткарууга чакырат. Абакта кармоо шарттарынын начардыгы, сапаттуу жана өз убагындагы медициналык жардамдын жеткиликсиздиги натыйжада укук коргоочунун абалынын начарлашына жана өлүмүнө алып келди, укук коргоочулар бул тууралуу бир нече жолу айтып чыгышкан. Колониядагы өлүм ЖАМК, камактагылардын укуктарын жүзөгө ашырган жана кармоо шарттарынын сапатын камсыз кылган ошол эле мекеме тарабынан жүргүзүлгөн, буга байланыштуу иликтөөнүн көз карандысыздыгын камсыздоо жана бейтараптыгына кепилдик берүү мүмкүн эмес.
«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы, адвокат Айдар Сыдыков укук коргоочунун түрмөдө өлүмгө учуроо фактысы боюнча анын үй-бүлөсүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону улантууда.
Аскаров камакта болгон жыл аралыгында үй-бүлөсү жана адвокаттар менен бирге бир нече багыттар боюнча: негизги иши, ишти кайрадан кароо боюнча, БУУнун Комитетинин чечими боюнча, мүлкү боюнча ж.б. 45ке жакын угууга катышышты. Ар бир процесс чыңалган шарттарда өттү, Аскаров жана аны жактоочулар кол салууларга жана коркутуп-үркүтүүлөргө туш болду, анын адвокаттарынын жүйөөлөрүнө көңүл бурулган жок, соттор айыптоо ыңгайында өтүп жатты. Мындай кыйынчылыкты баштан кечирүү үчүн канчалаган күч, эрдик жана чыдамкайлык талап кылынат? Сот системасынын бардык алсыз жактары бир укук коргоочунун мисалында – соттук зомбулуктун курмандыктары, бийликтин гумансыз мамилесинин жана кыйноолорунун курмандыктары ачык көрүндү. Аскаровду куугунтуктоо анын мурдагы кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуубу? Себеби, ал көп жылдар бою аярлуулардын, аз камсыздардын, соттолгондордун, кыйноолордун курмандыктарынын, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоп келген. Ал калыптанып калган тутумга каршы, алардын кемчиликтерин, жетишпегендиктерин жана тоготпогондуктарын көрсөтүп келген. Адилеттик үчүн күрөш ал үчүн абадай керек болчу, анын Базар-Коргондогу укук коргоо уюму дал ушундай “Аба” деп аталган.
Ал өзү кыйноолорго жана катаал мамилелерге дуушар болду. Анын кыйноолор жөнүндөгү көп сандаган арыздары жыйынтык берген жок – күнөөлүүлөрдүн бири дагы жоопкерчиликке тартылган жок.
Даттануулар берилгенден кийин көп жылдан кийин 2016-жылы БУУнун адам укуктары боюнча комитети Аскаровдун иши боюнча кийинки бузууларды аныктады: адилеттүү соттук териштирүүгө укук, абакка алынган жайдарда ар-намыстын корголушу укугу, кыйноолорго же катаал мамилелерге дуушар болбоо жана зомбулук менен кармалууга дуушарланбоо укугу. Комитет Аскаровду укук коргоонун натыйжалуу каражаттарын камсыз кылуу максатында Кыргызстандын аны токтоосуз бошотуу жана айыптоо өкүмүн жокко чыгаруу боюнча тиешелүү кадамдарды кабыл алышы керек экендигин көрсөткөн. Кыргызстан Аскаровду абакта анын саламаттыгынын начарлагандыгына байланыштуу адекваттуу компенсация чектөөнү жана зарылдыгына жараша адилеттүү териштирүүлөрдүн стандарттарына жооп берген жаңы сот процессин өткөрүүнү камсыз кылышы керек болчу. Бирок, эмдигиче эч нерсе жасалган жок...
Өлкөдө бийлик мезгил-мезгили менен алмашууда, бирок, адилеттүү сот акыйкаттыгынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууда көзгө урунарлык өзгөрүүлөр жокко эсе.
Адвокаттар олуттуу оорулар менен жабыркаган Аскаровду гуманитардык түшүнүктөр менен бошотуу жөнүндө бийликке бир нече жолу кайрылды, бирок, ишке ишкан жок. Укук коргоочулар абактагыларга гумандуу мамиле кылуу максатында Н.Манделанын принциптерин киргизүү жана сактоо зарылдыгын көшөкөрлүк менен эске салышат.
Адилеттикке жеткиликтүү болуудан айрылуу жашоодогу күч-кубаттан ажыратат. Азимжан Аскаровду биз алсыз, бирок, сынбаган адам катары эстейбиз жана анын кайраттуулугун, идеалдарга туруктуулугун, акыйкаттыкка умтулуусун, адамдарга жардам берүүгө каалоосун урматтайбыз. Эскеребиз, эстейбиз...
###
«Бир Дүйнө-Кыргызстан» УК КБ
22-июль, 2021-жыл.
Электрондук дарек: birduinokyrgyzstan@gmail.com
Уюмдун сайты: http://birduino.kg/