АЧЫК КАЙРЫЛУУ : "Тынч инструменттер менен бардык тобокелдиктерди жана чыр- чатактарды чечүү жана сүйлөшүүлөрдүн тынч процесси үчүн"
Май 02.2021Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго,
Жогорку Кеңештин спикери Т.Т. Мамытовго,
Премьер-министр У.А. Мариповго,
Омбудсмен Т.Б. Мамытовго
1-май, 2021-жыл. Бишкек ш.
АЧЫККАЙРЫЛУУ
"Тынч инструменттер менен бардык тобокелдиктерди жана чыр-чатактарды чечүү жана сүйлөшүүлөрдүн тынч процесси үчүн"
Кыргызстан менен Тажикистан чектешкен аймактагы азыркы мезгилде болуп өткөн куралдуу чыр-чатакты эске алуу менен «Бир Дүйнө Кыргызстан» укуктук кыймылы тараптар менен конструктивдүү диалог түзүү боюнча токтоосуз иш-чараларды кабыл алууну жана бейкапар калк жашап жаткан чектешкен райондордогу каргаша жана тобокелдик зоналарында чыңалуунун эскалациясын болтурбоону көздөйт.
Бул үчүн зарыл:
Кыргызстандын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо. Суверенитетти жана аймактык бүтүндүктү сактоодо, жарандардын кооптонуусун жараткан чыр-чатакты жөнгө салууда жергиликтүү коомчулуктун алардын реалдуу муктаждыктарын жана керектөөлөрүн эсепке алуу менен коомдук маанилүү маселелерди чечүү процесстерине бирдей
катышуусун камсыздоо артыкчылыктуу болушу керек. Өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана болуп өткөн окуялар жөнүндө маалыматтардын бурмаланып таралышына жол бербөө үчүн туура маалыматтар менен жарандарды камсыз кылуу боюнча маселени иштеп чыгуу зарыл деп эсептейбиз.
Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин сактоо, деэскалация кылуу үчүн Европалык биримдиктин, БУУнун эл аралык механизмдерин жана ЕККУнун Москва механизмин ишке берүү кажет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргызстанда ЕККУнун Москва механизмин ишке берүү, адам курмандыктарына алып келип, анын ичинде 12 жаштагы кызды өлүмгө учураткан 2021-жылдын май айындагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек арада болгон чыр-чатактардын жүрүшүндө адамзаттык чен-өлчөм менен кырдаалды өздөштүрүүсү үчүн докладчыга багыттама берүүгө жана эксперттердин миссиясын түзүүгө ЕККУга кайрылышы зарыл.
Чек арадагы тобокел зоналарда түздөн түз жашаган жергиликтүү коомчулук үчүн өз убагында жардам көрсөтүү, эки тараптуу илгери адымдаган диалогду жөнгө салуу, чыңалууну деэскалация кылуу үчүн өзгөчө кырдаалдагы аракеттердин планын биргелешип иштеп чыгуу боюнча Адам укуктары боюнча БУУнун комитеттерине, Европалык биримдикке кайрылуу маанилүү.
Чыр-чатактын курмандыктары үчүн гуманитардык жана техникалык жардам көрсөтүү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык, ошондой эле, техникалык натыйжалуу жардам көрсөтүү үчүн чыр-чатак зоналарындагы жарандардын муктаждыктарына жана керектөөлөрүнө сапаттуу жана сандык анализ жүргүзүүсү, мындан тышкары, жабырлануучуларга көрсөтүлгөн жардамдардын өз убагында болушун жана ачыктыгын камсыз кылышы зарыл.
Болуп өткөн окуялардын шарттарында биз ыкчамдатылган тартипте короновирус пандемиясынын тобокелдиктерин эске алуу менен зарыл болгон гуманитардык жардамдарды көрсөтүү жана саламаттыгы жана өмүрү үчүн кыйла коркунучка туш келгендиктен өз турак-жайларын таштап кетүүгө мажбур болушкан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө, айрыкча, аялдар менен балдарга көңүл буруу менен коопсуздукту камсыздоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууну сунуш кылабыз.
Тынчтыкты орнотуу үчүн диалогдук аянтча түзүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар тынчтыкты орнотуу жана чек ара жана жарандардын суу жана жер ресурстарына жеткиликтүүлүгү маселелерин чечүү боюнча диалогдорду демилгелөөлөрү зарыл.
"Бир Дүйнө Кыргызстан" укуктук кыймылы" коомдук бирикмеси
www.birduino.kg
Email: birduinokyrgyzstan@gmail.com