Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаров мырзага АЧЫК КАЙРЫЛУУ

Июн 03.2021

03-июнь, 2021-ж.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Н.Жапаров мырзага

АЧЫК КАЙРЫЛУУ

Кыргыз Республикасынын Президенти, урматтуу Садыр Нургожоевич мырза,

2021-жылдын 10-июнунда 2010-жылдагы трагедиялуу июнь окуяларына 11 жыл толот. Июнь трагедиясы тынч жарандардын өмүрлөрүн алды жана миңдеген адамдар тиричилик кылып жаткан каражаттарынан айрылышып, тынч мезгилде өз үйлөрүн таштап, көчүп кетүүгө мажбур болушту. Бул жылдар аралыгында чыр-чатактардын курмандыктары адилеттикке жана акыйкаттыкка жетпей жашап  келишүүдө.    

Ырасмий эмес маалыматтар боюнча, башаламандыктардын алгачкы күнүндө эле 800гө жакын адам каза тапкан. 2010-жылдын 14-июнь күнү кечинде жалпыга маалымдоо каражаттары 2 миңдей адамдын курман болгондугу жөнүндө маалымдап жатышты. Антсе дагы, Кыргызстандын мамлекеттик органдары башкача өңүттөгү статистиканы: ырасмий түрдө 443 курмандык катталды[1] деп жарыя кылышты.

Биз Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетине 2021-жылдын 3-апрелиндеги Сиздин 2010-жылдагы июнь трагедиясынын материалдарын иликтеп чыгуунун маанилүүлүгү жөнүндө тапшырмаңыздын жыйынтыгын абдан толкундануу менен күтүп жатабыз. Жана акыры-соңу адамдар акыйкаттыктын орношуна жана мындай трагедиялар келечекте кайталанбайт деп ишеним артууга мүмкүнчүлүк алышат деген ниеттебиз.   

Азимжан менен биргеликте биз 47 сот процессинен өттүк. Азыркы убакта 19-түзөтүү колониясында оорудан жапа чеккен жана 47-түзөтүү колониясынын дубалында набыт болгон   укук коргоочу, журналист, сүрөтчү Аскаровдун өлүмгө учуроо фактысы боюнча ЖАМК тергөөчүсү тарабынан тергөө иштери кызыкчылыктардын кагылышы менен жана объективдүү териштирүү жүргүзүү мүмкүн болбогон жагдайда жүргүзүлүүдө. Буга кайталоочу, көз карандысыз, комиссиялык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартууну мисал катары белгилесек болот.  

Биз Сизди жана Сиздин Кыргызстандагы жазаланбоочулук менен күрөшүүдөгү күч-аракетиңизди колдойбуз жана 2010-жылдын 15-июнунда Базар-Коргондо катаал кыйноолорго, басмырлоого жана кемсинтүүлөргө дуушар болгон адам укуктарынын бузулушунун фактыларын белгилөө боюнча кесиптик иш-аракети убагында мыйзамсыз кармалган, адилет сот акыйкаттыгы укугунан ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун стратегиялык маанидеги кейси акыры Акыйкаттыкка жетет деп үмүт кылабыз. 

Бардык мыйзамдык инструменттерди, анын ичинде адам укуктары боюнча БУУнун Комитетинин Түшүндүрмөлөрүн (2016-ж., май) тоготпой, өз кылмыш иштерин жабуу менен жазасыз калып, КРнын Мыйзамдарынын алдында жарандардын тең укуктуулук принцибин тебелеп койгон ар кыл деңгээлдеги аткаминерлердин жазаланбоочулугу менен Азимжан Аскаров, анын үй-бүлөсү, кесиптештери жана ар түрдүү өлкөлөрдөгү өнөктөштөрү күрөшүп келишти жана күрөшүүсүн улантышууда.

Азимжандын жубайы, Хадича Аскарова, анын балдары жана неберелери, эл аралык коомчулук укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата мыйзамдуулукту жана акыйкаттыкты калыбына келтирүү үчүн  Сиздин саясий эркиңизди чыдамсыздык менен күтүшүүдө.  Адам укуктары боюнча БУУ Комитетинин Түшүндүрмөлөрү (2016-ж., май)  орундалса, укук коргоочу көзү өткөндөн кийин акталат, анын үй-бүлөсү компенсацияга ээ болот жана укук коргоочунун укуктарын бузган бардык деңгээлдеги аткаминерлер сот алдында жоопкерчиликке тартылышат.  Натыйжада Кыргызстан туруктуу өнүгүүнү максат кылган жана дүйнө жүзүндөгү жоопкерчиликсиздикке каршы күрөшкөн, ар бир адамдын адам укугун урматтаган, жалпы адамзаттык баалуулуктарды, гумандуулукту жана акыйкаттыкты сактаган өлкө катары БУУда, ЕККУда, Евробиримдикте көз карандысыз мамлекет статусун жана имиджин кайтарып алат. 

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун укуктарынын калыбына келтирилиши эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки 30 жыл аралыгында үй-бүлөлүк кландык система жана коррупциялашкан аткаминерлер тебелеген КРнын бийлигине болгон ишенимди кайтарат. Биз Сизге ишенебиз жана Сизден эң жакынкы убакта Акыйкаттыкты күтөбүз.

Урматым менен, «Бир Дүйнө-Кыргызстан» Укуктук Кыймылынын Директору Толекан Исмаилова жана шериктештик тармагы.

 

www.birduino.kg

birduinokyrgyzstan@gmail.com

 



[1]  https://24.kg/vlast/188670_oshskaya_tragediya_sadyir_japarov_poruchil_izuchit_vse_materialyi_posobyitiyam_iyunya_/

 

 

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg