КАЙРЫЛУУ "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА МЫЙЗАМДУУЛУКТУ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРГИЛЕ!" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жарандык кайрылуу

Июн 26.2023

Кайрылуу
"Кыргыз Республикасында мыйзамдуулукту калыбына келтиргиле!"
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын конституциялык укуктарын калыбына келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жарандык кайрылуу

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары!

Биз бүгүн Сиздердин бардыгыңыздарга Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын
Конституциясын жана жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ачык түрдө бузууга жол берилбей тургандыгы тууралуу Жарандык Билдирүүнү жеткирүү ниетинде, Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кеңешинин тепкичтерине чейин келип отурабыз! Биз жарандар жалгыз калып, мурда болуп көрбөгөн кыйынчылыктар жана коркунучтар менен жалгыз күрөшүүгө мажбур болгон пандемиянын сабактарын унуткан жокпуз, Баткен облусундагы чек ара жаңжалдарынын учурунда жана андан кийин да жапа чеккендер менен бирге болгонбуз.

Биз дагы деле коркунучтуу жана кырсык болгон аймактарда жашаган адамдар мененбиз, 92 уран калдыктарын сактоочу жайдын кесепеттери үчүн системалуу жазасыздыкка каршы күрөштү улантуудабыз, натыйжада Майлуу Суу дүйнөдөгү эң кооптуу 10 жердин катарына кирип отурат.

Биз экологиялык коопсуздук үчүн жана башталышы Кумтөр алтын кениндеги алтын казылган жерлер болгон Нарын дарыясындагы суунун сапаты үчүн тынчсызданабыз.

Биз Туруктуу Өнүгүү Максаттарын илгерилетүү жана ишке ашыруу боюнча өнөктөштүккө катышуу менен, 100дөн ашуун этностук группалар жашаган Кыргыз Республикасында жакырчылык жана дискриминация менен күрөшүүдөбүз.

Биз Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактайбыз, биз Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү, бардык эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатындагы реформаларды илгерилетип жана ишке ашырып келе жатабыз.

Өлкөдө эң аялуу катмардын аялдар жана балдар экендигин, анын ичинде стихиялуу миграциянын үй-бүлөлөргө тийгизген таасиринин масштабын, мындай катмарлардын сот адилеттигине жете албай эки эселеп азап чегип жаткандыгын сиздер жакшы билесиздер.

Биз Сиздерден Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузбоону, коомдук уюмдарга, бейөкмөт уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы антиконституциялык мыйзам долбоорлорун чакыртып алууну сурайбыз.

Биз сиздерди конституциялык талаа форматына кайтып келип, реформаларды алга жылдыруу, кризистик кырдаалдардын жана жаңы тобокелчиликтердин шартында социалдык маанилүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн коомдук–мамлекеттик бирикмелер менен өнөктөштүктү баштоого
чакырабыз.

Биз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети менен жолугууну сурайбыз.

Биз Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т. Зулушевге Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын системалуу түрдө бузуу фактыларына прокурордук акт менен жооп берүү өтүнүчү менен кайрылуудабыз.

Урматтоо менен,
“Бир Дүйнө Кыргызстан” Укуктук кыймылы
Бардык суроолор боюнча кайрылуу үчүн:
Тел.+ 996(551) 961 861, E mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg