"Бир Дүйнө-Кыргызстан" укуктук кыймылынын "Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар" шериктештик жана өнөктөштүк тармагынын КАЙРЫЛУУСУ
Авг 23.2021Биз, тобокелдик зоналарында жашаган коомчулуктун лидерлери, Кыргызстандын чек ара аймагындагы айылдарда жашаган активисттерин камтуу менен, "Адам укуктары искусство жана маданият аркылуу" форматында иштеген документалисттер жана эксперттер, 2021-жылдын 22-27-август күндөрү Ысык-Көлдө өтүүчү "Тобокелдиктер жана коркунучтар мезгилиндеги адам укуктары" инновациялык семинарынын катышуучулары Афганистандагы окуяларга байланышкан гуманитардык кыйроону алдын алуу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу үчүн Кыргызстандагы, ошол эле учурда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймагындагы жаңы чакырыктарды жана тобокелдиктерди эсепке алуу менен курчап турган чөйрөнү анализдөө жана баалоо боюнча биргелешкен ишти баштайбыз.
Келип чыккан жаңы чакырыктар жана тобокелдиктер, глобалдык өзгөрүүлөр, анын ичинде куралдуу чыр-чатактар, аскердик агрессия актылары, социалдык жарылуулар, демографиялык жылыштар, учкул урбанизация жана миграциялык агымдар, ошондой эле, климаттын өзгөрүшү биздин дүйнөнү түп тамыры менен өзгөртүүдө.
COVID-19 пандемиясы жарандык, социалдык, экономикалык жана маданий укуктар чөйрөсүндөгү айрыкча Кыргызстандын чек арасындагы куралдуу чыр-чатактардын, аялдар, балдар, майыптуулугу бар адамдар сыяктуу жергиликтүү коомчулуктагы аярлуу топторго карата зордук-зомбулуктун жогорку деңгээлде күчөшү менен көптөгөн ички маселелерди мурдагыдан дагы кыйла даражада ачып көрсөттү.
Афганистандагы кырдаал бизден - кыргызстандыктардан адам укуктарынын эркиндиктеринин жана укуктарынын универсалдуулугун илгерилетүүгө жана коргоого, качкындардын, айрыкча, аял укук коргоочулардын укуктарын коргоо боюнча жагымдуу шарттарды камсыз кылууга, бийлик органдары менен жамааттыктан глобалдык деңгээлге чейин шериктештикти бекемдөөгө, жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгү үчүн инклюзивдүү диалогдук формаларды түзүүгө, аларды өнүгүүнүн урматына позитивдүү реформаларды илгерилетүүгө жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн эл аралык милдеттенмелердин негизинде басмырлоону жана зомбулуктун ар кандай түрлөрүн жок кылуу менен чечимдерди кабыл алуу процессинде жарандык катышууга тартууга баштагыдан дагы көбүрөөк көңүл бурууну талап кылат.
Биз КРнын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Аида Касымалиева айымдын жетекчилиги менен Кыргызстанда жаңы аялдар лидерлигин өнүктүрүү жана колдоо боюнча Курултайды уюштуруу жана өткөрүүнү кубаттайбыз[i].
Биз "ЧЫР-ЧАТАКТАРДЫ БОЛТУРБОО ЖАНА ТЫНЧТЫКТЫ ОРНОТУУДА АЯЛДАРДЫН ЛИДЕРЛИГИН ЖАНА КАТЫШУУСУН КЕҢЕЙТҮҮДӨ ГЛОБАЛДЫК ЖАНА АЙМАКТЫК АЯНТЧАЛАР МЕНЕН БИРИКМЕЛЕРДИН РОЛУ" АТАЛЫШЫНДАГЫ ТЕГЕРЕК ҮСТӨЛДҮН ЖҮРҮШҮНДӨ КАБЫЛ АЛЫНГАН БОРБОРДУК АЗИЯ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН АЯЛ-ЛИДЕРЛЕРИНИН ДИАЛОГУНУН БИЛДИРҮҮСҮН, анын ичинде 2021-жылдын 29-июлундагы Афганистандагы укук коргоочу аялдарга берилген жардамды жана көмөк көрсөтүүнү камтуу менен колдоого алабыз[ii]
Регионалдык кызматташтыктын учурдагы позитивдүү динамикасы канааттануу менен белгиленип, аялдардын глобалдык жана регионалдык маселелерди чечүүдөгү ролу баса көрсөтүлгөн, укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү, Борбордук Азиядагы аялдардын ортосундагы шериктештикти кеңейтүүгө багытталган новатордук саясатта колдоо белгиленген аял-лидерлердин Диалогунун Декларациясын жүзөгө ашырууга көмөктөшөбүз.
Биз жаңы бийликти, КРнын Президенти С.Н.Жапаров мырзанын регион аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча демилгелерин колдойбуз жана туруктуу өнүгүү, тынчтыкты бекемдөө үчүн, демократияны өнүктүрүү, жамааттыктан глобалдыкка чейин адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу, гендердик теңчиликти жана гендердик адилеттүүлүктү жана Кыргызстанда аялдардын жаңы лидерлигин илгерилетүү менен шериктештик жана өнөктөштүк тармактарын тартабыз[iii].
Биз Биргеликте - Күчпүз!
[i] ttps://unrcca.unmissions.org/ru/%D0%B7%D0%B0%D1%8F%D0%B2%D0%BB%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D0%B5-%D0%B4%D0%B8%D0%B0%D0%BB%D0%BE%D0%B3%D0%B0-%D0%B6%D0%B5%D0%BD%D1%89%D0%B8%D0%BD-%D0%BB%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D1%80%D0%BE%D0%B2-%D0%B3%D0%BE%D1%81%D1%83%D0%B4%D0%B0%D1%80%D1%81%D1%82%D0%B2-%D1%86%D0%B5%D0%BD%D1%82%D1%80%D0%B0%D0%BB%D1%8C%D0%BD%D0%BE%D0%B9-%D0%B0%D0%B7%D0%B8%D0%B8-%D0%BF%D1%80%D0%B8%D0%BD%D1%8F%D1%82%D0%BE%D0%B5-%D0%B2-%D1%85%D0%BE%D0%B4%D0%B5-%D0%BA%D1%80%D1%83%D0%B3%D0%BB%D0%BE%D0%B3%D0%BE-%D1%81%D1%82%D0%BE%D0%BB%D0%B0-%D0%BD%D0%B0-%D1%82%D0%B5%D0%BC%D1%83
[ii] https://unrcca.unmissions.org/ru/%D1%81%D0%BF%D0%B5%D1%86%D0%BF%D1%80%D0%B5%D0%B4%D1%81%D1%82%D0%B0%D0%B2%D0%B8%D1%82%D0%B5%D0%BB%D1%8C-%D0%BD%D0%B0%D1%82%D0%B0%D0%BB%D1%8C%D1%8F-%D0%B3%D0%B5%D1%80%D0%BC%D0%B0%D0%BD-%D0%BF%D1%80%D0%B8%D0%BD%D1%8F%D0%BB%D0%B0-%D1%83%D1%87%D0%B0%D1%81%D1%82%D0%B8%D0%B5-%D0%B2-%D0%B7%D0%BD%D0%B0%D0%BC%D0%B5%D0%BD%D0%B0%D1%82%D0%B5%D0%BB%D1%8C%D0%BD%D0%BE%D0%BC-%D1%84%D0%BE%D1%80%D1%83%D0%BC%D0%B5-%D0%B6%D0%B5%D0%BD%D1%89%D0%B8%D0%BD-%D0%BB%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D1%80%D0%BE%D0%B2-%D0%BA%D0%BE%D1%82%D0%BE%D1%80%D1%8B%D0%B9