Бир Дүйнө Кыргызстан” тендер жарыялайт

Апр 09.2021

«Бир Дүйнө – Кыргызстан” коомдук бирикмеси мамлекеттик органдарга сунуштар топтомун иштеп чыгуу үчүн экспертти/эксперттер тобун кабыл алуу боюнча тендер жарыялайт

 

Экспертти/эксперттер тобун кабыл алуу Кыргыз Республикасында АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясы тарабынан колдоого алынган “Балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелерде укуктарды коргоо жана CV-19 вирусунун кесепетин алдын алуу” аттуу долбоорунун алкагында ишке ашырылат

 

Тендердин предмети жана темасы: «Келечекте мүмкүн болгон пандемия коркунучу, ушул сыяктуу башка тобокелдиктердин пайда болуу учуруна карата мамлекеттик органдар үчүн балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелерде коопсуздуктун алдын алуу чараларын кабыл алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу”

Тендерге катышууга төмөнкүлөргө укук берилет: кызыктар эксперттер, эксперттер тобу, уюмдар, журналисттер.

Катышуучуларга негизги талаптар: «Бир Дүйнө Кыргызстан» тапшырыкты өз маалында, сапаттуу аткара турган жаш жана тажрыйбалуу эксперттер, уюмдар, журналисттер менен кызматташууга бирдей даяр жана алардын төмөнкү шык-жөндөмдөргө ээ болушун каалайт:

  • Тендердин тематикасы боюнча, балдар үйлөрү, психиатриялык жана жабык мекемелерде кийинки коркунучтардын жана тобокелдиктердин пайда болуу учуруна карата коопсуздук чараларын көрүү боюнча керектөөлөр, маселелер боюнча билимдин/маалыматын болушу;
  • Зарыл маалыматты чогултуп, анализдөөгө, ошондой эле сунуштарды берүүгө тажрыйбанын же мүмкүнчүлүктөрдүн/жөндөмдөрдүн болушу;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын зарыл тармактарын жана эл аралык стандарттарды билүү, жабык мекемелерде аяр жарандарга жардам көрсөтүүнүн эффективдүүлүгүнүн стандарттарын түшүнүү;
  • Анализдин жыйынтыктарын тартуулоодо инновациялык, креативдүү, визуалдуу ыкмалар колдоого алынат.

Тендер боюнча техникалык тапшырма:

  • Балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелерде коронавирустун жайылышын алдына алуу боюна мамлекеттик органдар көргөн чаралар тууралуу маалыматты чогултуу;
  • Жабык мекемелерде коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча документтердин, токтомдордун, иш-аракеттер стратегиясынын кемчиликтерине карата анализ жүргүзүү;
  • Мамлекеттик органдар кабыл алган документтерди, иш-аракеттер планын, токтомдорду, стратегияларды ишке киргизүүдө эффективдүүлүктү анализдөө;
  • Келечекте мүмкүн болгон пандемия коркунучун, ушул сыяктуу башка тобокелдиктердин пайда болуу учуруна карата тармактык мамлекеттик органдар/структуралар үчүн балдар үйлөрү, психиатриялык жана жабык мекемелерде коопсуздуктун алдын алуу чараларын кабыл алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • Сунуштар топтому менен отчетту даярдоо, тармактык мамлекеттик органдарга жөнөтүү, ММКларда жайылтуу коомчулук үчүн жайылтуу;
  • Сунуштарды тартуулоо жана алдыга жылдыруу;
  • Анализ жыйынтыктарын тартуулоодо инновациялык, креативдүү, визуалдуу ыкма-аспаптарды пайдаланууга артыкчылык берилет;
  • Жумуштарды аткаруунун мөөнөтү 2021-жылдын 20-апрелинен 20-майына чейин

 

       Тендерге сунуштар жумуштарды аткаруу планын, отчеттун жана сунуштар топтомунун түзүлүшүн, аларды тартуулоо боюнча сунуштарды, эксперттин/эксперттер тобунун резюмесин/уюм тууралуу маалыматты камтышы керек

 

Талап кылынган документтер баштыгын 2021- жылдын 15-апрелине чейин  “тендерге” белги менен birduinokyrgyzstan@gmail.com, aidabaikg@gmail.com электрондук даректерине жөнөтүү керек

 

Суроолор боюнча бул телефон номурга кайрылсаныздар болот:  996550184095

 

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg